Социалдык тармакта Боомдо автоунаалар менен жарыша чуркаган төө куштун видеосу тарады. Видеодо төө куш тыным албай унаалардын катарында чуркап бара жатканын көрүүгө болот.
Видеону тарткандар төө куш атайын багылган жайдан качып кеткен окшойт деп божомолдошкон.