Кара-Сууда жарандын унаасынан 13 килограмм баңгизат табылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда салмагы 13 килограмм болгон баңгизат каражаты менен шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында К.К. аттуу жаран кармалган.

"14-октябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын аймагында кармалган жарандын унаасынан салмагы 13 килограмм болгон баңгизат каражаты табылган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Азыркы баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан