Супер фактылар: Төө куштар жаратылышта жалгыздан эмес, тобу менен жашаганын билчү белеңиз

Социалдык тармакта Боомдо автоунаалар менен жарыша чуркаган төө куштун видеосу тарады. Видеодо төө куш тыным албай унаалардын катарында чуркап бара жатканын көрүүгө болот. Бул видеону көргөн соң төө куш тууралуу фактыларды карап чыктык.

Төө куш тууралуу кызыктуу фактылар:

Төө куштардын мекени Африка;

Төө куш дүйнөдөгү эң чоң канаттуу деп эсептелинет;

Төө куштар жаратылышта жалгыздан эмес, тобу менен жашашат;

Саатына 70 чакырым чуркай алат;

Төө куштун жумурткасы 40 мүнөт кайнаганда гана араң бышат;

Узун кирпиктери төө кушту күн нурларынан, чаңдан сактайт;

Төө куштун жумурткасынын салмагы 1 килограмм 200-300 граммга чейин болот;

Төө куштар орточо 40-50 жыл жашайт;

Төө куштун чоңдугу 2 жарым метрге жетет;

Төө куштардын чоңунун салмагы 150 килограммды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан