"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Ооганстанда Жогорку Сотту түзүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылынын өкүлү Абдул Хаким Хаккани соттун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Маалымат үчүн:
"Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.