Чүйдө жансыз денеси табылган эркек кишинин жакындарын табууга милиция жардам сурайт. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-июль күнү саат 10:00 чамасында көчөлөрдүн биринен белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылган. Болжолдуу жашы 50-55, күч колдонулган белгилери аныкталган эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы ак, кыска.
Кийген кийимдери: Сары түстөгү көйнөк, көк түстөгү шым, бутуна туфли кийип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо Чүй ОИИББинин кызматкерлери төмөнкү телефон номерлерге чалып коюну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 60-73-87, 0501 74-66-00.