Ноокен районунда кылмыштуулуктун, диний экстремизмдин алдын алуу багытында семинар өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кылмыштуулуктун, диний экстремизмдин алдын алуу багытында семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Семинарга Ноокен РИИБинин жана райондук администрациянын жетекчилиги, УКМКнын, социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл өкмөттөрдүн социалдык маселелер боюнча адистери, соцпедагогдор, айыл имамдары катышты.

Андан соң Ноокен районунун акиминин орун басары, балдар иши боюнча төрайым Зияда Юлдашева сөз сүйлөп, бул иш-чара аябай жакшы уюштурулганын, учурдун эң актуалдуу маселеси талкууга коюлганын белгиледи. Мындай семинарлардын санын көбөйтүп, сапатын мындан ары да жогорулатуу боюнча сунушун берди.

Милиция кызматкерлери семинардын катышуучуларын кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, диний экстремизмдин алдын алууда кайдыгер карабоого чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан