Торнадо Австралиянын чыгыш жээгиндеги имараттарды талкалады

Австралиянын чыгыш жээгинде катуу шамал, жамгыр жана торнадо болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жергиликтүү куткаруу кызматынын маалыматы боюнча, аймактын бир катар шаарларындагы имараттар талкаланып, унаалар оодарылып, электр зымдары зыянга учураган.

Жаңы Түштүк Уэльстин куткаруу кызматы торнадонун негизги соккусу Сиднейден 480 километр түндүк-батышта, Тасман деңизинин жээгинен 170 километр алыстыкта ​​жайгашкан Армидейл шаарына түшкөнүн белгилейт.

"Армидэйлде бир түндө көп кыйроолор болду. Өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар башка тез жардам кызматтары менен биргеликте иштеп жатышат. Магистралдарды кулаган бактардан жана таштандылардан тазалоого тогуз ыкчам топ тартылган", - деген куткаруучулардын аймактык инспектору Скотт Додсон.

Шаардагы үйлөрдүн жарымынан көбү электр зымы үзүлгөндүктөн жарыксыз калганын, 127 тургун жардам сурап кайрылганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан