Анталияда 5-кабаттан кулаган 18 жаштагы Кыргыз жараны каза болуп калды

Түркиянын Анталия шаарындагы имараттардын биринен кулап кеткен Кыргыз жараны каза болуп калды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"2003-жылы туулган Кыргыз жараны А.Т. Анталиядагы убактылуу жашап жаткан турак үйдүн 5-кабатынын терезесинен кулап кетип, Анталиядагы ооруканага абалы оор болуп түшкөн. Дарыгерлердин кылган аракетине карабай, 15-октябрда таңкы саат 07:00дө каза болгон. Учурда тийиштүү чаралар көрүлүүдө жана Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы башкы консулдугу маркумдун жакындарына ар кандай жардамдарды көрсөтүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин Анталия шаарында 18 жаштагы Кыргыз жараны 6-кабаттан кулап кетип, оор абалда ооруканада жаткандыгын түр басылмалары жазып чыгышкан. Ал эми, Тышкы иштер министрлиги жигит 5-кабаттан кулап кетип ооруканага жеткирилгенин маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baian
2021-10-15 18:45:54
6- кабатпы же 5-?
Эптеп эле жаза берет экенсинерда
+3
Rifle_I
2021-10-15 20:37:33
Baian,
Турциянын эсептөөсү боюнча 5-кабат.
Биздин норма боюнча 6-кабат.
Туруияда биздеги биринчи кабатты ноль деп эсептейт. Буларда бөлмөлөр да башкача эсептелет.
Мисалы Бишкектеги 3 комнаталуу кватиралар 2 арты 1 деп айтылат. Себеби зал комнатага эсептелбейт. Турцияда 3 комната квартира 3 жатакана жана чоң залы менен болот.
0
Tinatin2002
2021-10-15 19:19:07
Супер так маалымат бергилечи бая 20 жаштагы бала 6чы кабат дединер Эми 18 жаштагы бала 5чи кабат деп атасынар
+1
bazar
2021-10-15 20:23:58
Бир кыргыз кулап өлүптүр. Бир кыргызды кайнатасы өлтүрүп койуптур. Америкада бир кыргызды атып өлтүрүлдү. Якутияда бир кыргыз мушташып өлдү...
+1
Chagylgan7
2021-10-15 21:32:16
Достору Эле кылды жанындагв
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан