Кениялык жөө күлүк Агнес Жебет Тироп Кениянын Итена шаарындагы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, спортчунун денесинен бычактан жаракат табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 25 жаштагы спортчуну күйөөсү өлтүрүп коюшу мүмкүн. Учурда полиция шектүүнү издеп жатат.
25 жаштагы Агнес Жебет Тироп 10 миң метрге чуркоодо 2017 жана 2019-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун коло медаль уткан. Быйыл жайында өткөн Токиодогу Олимпиада оюндарында ал 5 миң метрге чуркоодо 4-орунду ээлеген. Ал үчүнчү орунда келген атаандашына болгону 1 секунд жетпей калган.