Жалал-Абадда үйүндө баңгизат өндүргөн жарандар кармалды (фото)

Жалал-Абад облусунда жарандар тарабынан үйүндө баңгизаттарды мыйзамсыз өндүргөн көмүскө жай табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

"Кызыл-Туу айылынын аймагындагы үйдө ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында баңгизаттарды мыйзамсыз даярдап жатышкан жарандар М.Ж., Н.К. жана М.М. кармалды. Кылмыш болгон жерди кароо учурунда жапайы өскөн кара куурайдай өзгөчө жыты бар заттар менен суюктугу бар фляг, 4 кап марихуана, 4 таңгак гашиш табылган", - деп билдиришти ИИМден.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 37 килограммды түзгөн. Анын ичинен 12 килограмм марихуана, 429 грамм гашиш жана 25 килограмм каннабистин экстракты экендиги аныкталган.

Кармалган жарандар Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bazar
2021-10-15 20:50:45
Кылмыш кылса Жалал-Абадтан болуп калышат. Жакшы иштерде Токтогулдук болуп калышат
+3
Chagylgan7
2021-10-15 20:56:16
bazar,точно э :D
0
Chagylgan7
2021-10-15 20:55:38
Иии жаш Эле балдар го тообо
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан