Англия парламентинин депутаты Дэвид Эмесс шайлоочулар менен жолугушуу учурунда өлтүрүлдү

Улуу Британия парламентинин жамааттар палатасынын мүчөсү, Консервативдик партиянын өкүлү Дэвид Эмесс шайлоочулар менен жолугушуу учурунда кол салуудан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Дэвид Эмесс чак түштө Лондон шаарынын түштүгүндөгү Ли-он-Си аймагында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда бычакталган. Ал ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.

Бул кылмышка шектелип полиция тарабынан 25 жаштагы жаран кармалган.

Дэвид Эмесс 69 жашта болчу. Анын артында аялы жана беш баласы калды. Маркум 1983-жылдан парламент депутаты болуп келген. Ал депутат катары жаныбарларды коргоо маселелери менен алектенип, Улуу Британияда түлкүгө аңчылык кылууга тыюу салууну колдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Invests
2021-10-16 00:16:36
Бизда ушундай кылсакпы шайлоого аз калды келишет баары
+5
Baiaman997
2021-10-16 02:13:45
Invests,бир жолу элего дегин не жалко, калганына да сабак болмок, и так ушулардын айынан канчалаган Кыргыз жарандары олуп кеттат,
+3
Datka7777
2021-10-16 05:47:14
Invests,колундан келген ишти айтчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан