Испанияда бийлик жакында эле экранга чыккан "Игра в кальмара" сериалын жаш балдарга көрсөтпөөгө чакырды

Испания бийлиги ата-энелерди жакында эле экранга чыккан кореялык "Игра в кальмара" сериалын жаш балдарга көрсөтпөөгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, айрым ата-энелер балдарынын сериалдагы оюндарды туурай баштаганын айтып, буга чейин бир канча жолу бийликке даттанышкан.

"Игра в кальмара" сериалын 16 жаштан жогоркулар гана көрүшү керек экендиги ачык эле белгилүү. Ошондуктан үй-бүлөдө сөзсүз көзөмөл болушу шарт. Кичинекей балдардын көрүүсүнө чоңдор тарабынан чектөө киргизилиши керек", - деп билдирген Мадрид шаарындагы маданият башкармалыгынын кеңешчиси Марта Ривера де ла Крус.

Ошондой эле аталган өлкөдөгү мугалимдер, мектеп жетекчиликтери жана бийлик органдары да сериалдын жаш балдарга карата терс таасири боюнча эскертүү жасашкан.

Буга чейин Британиядагы билим берүү мекемелери дагы тынчсыздануудан улам кореялык сериалды кичинекей балдарга көрсөтпөө өтүнүчү менен ата-энелерге кат жолдоп жатышканын билдиришкен.

Белгилей кетсек, "Игра в кальмара" сериалы Netflix кинокомпаниясы тарабынан Түштүк Корея өлкөсүндө тартылган. Бул сериал кыска убакыттын ичинде бүткүл дүйнөдө атактуулукка жетти.

9 бөлүмдөн турган сериал карызга баткан карапайым адамдардын чоң суммадагы акча коюлуп байлар тарабынан уюштурулган оюнга катышканы, ал оюн жеңилген адамдардын өлүмү менен коштолуп отуруп, акырында 1 гана адамдын аман калганы баяндалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2021-10-16 18:27:10
Бизде 7-канал көрсөтүп жататго, терс жактарын бере турган кино экен бизде дагы тыюу салыш керек болчу.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан