Акылбек Жапаров: "Президенттин администрациясынын түзүмү жана иши толугу менен кайрадан каралып чыгат"

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров администрациясынын кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров билдиргендей, президент тарабынан президенттин администрациясына негизги милдет – мамлекет башчынын чечимдеринин аткарылышын так көзөмөлдөөнү камсыздоо коюлган, мында чоң жоопкерчилик тармактык министрликтерге жүктөлөт.

"Мен мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөм жана буга дейре президенттин жана өкмөттүн администрациясында иш кандай жүргүзүлгөндүгүн билем. Иш процессин уюштуруу принциптерин ыкчам жана натыйжалуу чечимдердин кабыл алынышы максатында толугу менен карап чыгуу зарыл. Бир дагы документ президенттин администрациясында "кептелип" калбашы керек. Ар бир кызматкер кесипкөй сапаттарга ээ болуп, мамлекеттин келечеги үчүн командада ыкчам, ырааттуу жана толук кандуу иш алып барууга тийиш", – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, алдыда чоң өзгөрүүлөр турат, масштабдуу социалдык, экономикалык, технологиялык милдеттерди чечүү зарыл, аларды ишке ашырууда бийликтин бардык деңгээлинде, республикадагы айыл өкмөттөн жогорку жетекчиликке дейре мамлекеттик башкарууга жаңыча мамиле кылуу талап кылынат.

Ал президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин алдыдагы бир катар амбициялуу пландарды ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды жана чечим кабыл алуунун эпсиз, натыйжалуулугу төмөн тутумунан баш тартып, жоопкерчиликтүү милдеттерди эффективдүү чече турган жогорку денгээлдеги кесипкөй адистерден турган мобилдүү жана ишке жөндөмдүү президенттин администрациясын түзүү мезгили келип жеткендигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
TIMON_BERKOWITZ
2021-10-16 13:12:38
Жапаровы рулят!
+4
alimbek94
2021-10-16 14:05:24
Эки жапаров бир казанга кирип алышып, өрдөктөрүн учурушуп.
+1
Katrina.
2021-10-16 14:47:57
Иштейбиз дегендерди айдайбыз,мага окшогон жегичтер калат деп койбоптур эми ушунча болду.
+1
Mashyrbek
2021-10-16 14:54:35
А.Жапаров билимдуу иштин козун билет буйурса онугуу жолуна тушот
0
JaneEr
2021-10-16 15:16:05
Кыларга иштери жок бирин коюп бири келип(((
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан