Ооганстандагы мечитте болгон жардыруудан каза болгондордун саны 63кө жетти

Ооганстандын Кандагар провинциясында орун алган жардыруудан каза тапкандардын саны 63 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин курмандыктардын саны 41 экендиги айтылып жаткан.

Ошондой эле дагы 83 жаран оор жаракат алганы кабарланды.

Жергиликтүү басылмалар террордук чабуулду 3 жан кечти уюштурганын жазышууда.

Эске салсак, кечээ, 15-октябрда Кандагардагы шииттердин мечитинде эл жума намазына чогулган маалда жардыруу орун алган. Ооганстанды көзөмөлүнө алган "Талибан" кыймылы окуя боюнча билдирүү жасап, кылмышка шектүүлөдү тез арада таап жазага тартууну убадалаган.

Буга чейин дагы Кундуз провинциясында мечитте жардыруу уюштурулуп, 150 адамдын өмүрү кыйылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ChagyIgan7
2021-10-16 17:47:55
Фуу бесит это жапайлар
+2
Gulina00
2021-10-16 17:52:50
Ортодо карапайым эле эл кыйналды.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан