Өзбекстанга "Талибан" кыймылы түзгөн убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Абдуль Салам Ханафи баштаган атайын делегация келиши күтүлүүдө. Алар өлкөнүн вице премьер-министри Сардор Умурзаков менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазып чыгышты.
"Талибан" кыймылынын Өзбекстанга болгон сапары тууралуу делегациянын өкүлдөрүнүн бири Инамулла Самангани дагы Твиттер аркылуу билдирген.
"Өзбекстан бийлиги менен жолугушуунун алкагында эки тараптуу соода-сатык кызматташуулар, коопсуздук жана башка ушул сыяктуу маселелер талкууланат", - деп жазган ал.
Буга чейин, 7-октябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов баштаган делегация Кабулда убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугушкан.