16-октябрда "Манас" кинотеатрында "V Түрк тасмаларынын жумалыгы старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Расмий ачылыш маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана Түркиянын Кыргыз Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмат Садык Догандын катышуусу менен өттү.
Алгач эки өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырып, андан соң Азамат Жаманкулов сөз сүйлөдү. Анда министр Кыргыз мамлекети менен Түркиянын ортосундагы маданий жана гуманитардык байланыш жөнүндө токтолуп, Бишкек шаарында ачылып жаткан Түрк кино тасмаларынын жумалыгы ийгиликтүү өтүшүнө тилектеш экендигин билдирди. Ошондой эле ал өз сөзүндө Кыргыз мамлекетинде түрк кино тасмаларынын күйөрмандары бар экенин айтып, эки өлкөнүн кино индустриясынын ишмерлери учурда тыгыз байланышта болуп тургандыгы бүгүнкү өтүп жаткан кино жумалык ага далил экендигин кошумчалады.
Ал эми Ахмет Садык Доган жумалыктын алкагында көрсөтүлө турган тасмалар тууралуу айтып, Кыргыз өлкөсүнө келген түрк кино режиссёрлору жана тасмада роль жараткан каармандар менен тааныштырды.
Көрсөтүлө турган тасмалар:
1. “7-Камерадагы мужиза”;
2. “Баскетбол шакекчеси”;
3. “Маузер”;
4. “Сүйүүнүн өмүрү”;
5. “Мадыра баштар: Киндик-Төбө” (анимациялык фильм);
6. "Өмер жана биз".