Орусияда циркте аюу оюн учурунда машыктыруучунун жардамчысына кол салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 16-октябрда кечинде сахнага эки аюу менен машыктыруучулар чыгышты. Белгисиз себептерден улам аюу машыктыруучу кызга кол салган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Азырынча анын абалы жана жаракаттарынын оордугу тууралуу маалымат жок.