Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ооганстандын түндүгүндө "Ислам мамлекети" тобунун бар экенине тынчсыздануусун билдирген билдирүүсүнө комментарий берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жума күнү, 15 -октябрда КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында Владимир Путин Ооганстандын түндүгүндө "ИГИЛ" эл аралык террордук уюмунун 2 миңдей согушкери турганын айткан.
"Алардын лидерлери Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Орусиянын аймагына өздөрүнүн таасирин жайылтуу боюнча пландарын чыгарышууда. Алар этникалык жана конфессиялык конфликттерди жана диний кастыкты козутуу боюнча иш алып барышат. Террорчулар шериктеш өлкөлөрдүн аймагына качкындардын атын жамынып кирүүгө аракет кылып жатышат", - деген Орусиянын президенти.
Мындан тышкары, Владимир Путин талибдерди расмий түрдө таанууга шашпоого чакырды.
Өз кезегинде "Талибан" кыймылынын маданий комиссиясынын мүчөсү Анамулла Самангани Ооганстандын түндүгүндө ИГИЛ согушкерлеринин бар экендиги тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирген.
"Буга байланыштуу айтылган коркуулар негизсиз. ИГИЛ Ооганстандын бир дагы аймагында калктын колдоосуна ээ эмес", - деген Самангани.