Футбол боюнча 23 жашка чейинки Кыргыз өлкөсүнүн Олимпиадалык курама командасы Азия Кубогунун квалификациялык оюндарына даярдыктарынын алкагында Дубай шаарында өткөн жолдоштук беттеште Вьетнам курамасына 0:3 эсебинде жеңилип калды.
Башкы машыктыруучу Нурбек Жолдошовдун жетекчилиги астында Олимпиадалык курама командага жалпы 24 футболчу чакырылган.
Кыргыз курама командасы 23 жашка чейинкилердин арасындагы Азия Кубогунда БАЭ, Индия жана Оман менен "Е" тайпасында жайгашкан. Азия Кубогу 21-октябрдан 1-ноябрга чейин БАЭнин Фуджайра шаарында өтөт.