АКШнын Луизиана штатындагы Грэмблинг университетинде ок атуу болуп, бир адам каза болуп, бир нече киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, университеттин өкүлү Тиша Арнольд билдиргендей, 17-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат 01:15 чамасында ок атылган. Натыйжада октон бир адам көз жумуп, бир нече киши жаракат алган. Каза болгон адам студент эмес. Окуя учурунда бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп жаткан. Ок аткан адамдын өздүгү азырынча тактала элек. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.