Таластагы 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан каза болгон жарандардын аты-жөнү такталды. Көз жумгандардын ичинен эң улуусу 60 жашта болсо кичүүсү 12 жаштагы өспүрүм. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Талас ОИИБинин басма сөз кызматына байланышканда белгилүү болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Хонда-Степвагон унаасынын алдынан жылкы чыга калгандан улам ал карама-каршы тилкеге чыга калып, ДАФ унаасын сүзгөн.
Кырсыктан каза болгондор:
1. Айдоочу, Бакай-Ата районунун тургуну 1980-жылы туулган.
2. 2009-жылы туулган жүргүнчү Ч.А.
Учурда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.