"Менин ичиме Кудай кирип кетти" деп кыйкырып. Пермь шаарындагы мектепте 12 жаштагы окуучу ок чыгарды

Орусиянын Пермь аймагында 12 жаштагы мектеп окуучусу мектепке келип ок чыгарды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, алтынчы класстын окуучусу "Сайга" мылтыгынан эки жолу ок чыгарган. Жабыркагандар жок. Учурда окуучу менен полиция кызматкерлери сүйлөшүп жаткандыгы белгилүү болду.

Сурак учурунда окуучу мектепке аны таарынтып жүргөн кызды атып салуу үчүн атасынын мылтыгын уурдап келгенин моюнуна алган.

Басылмалар жазгандай, ок атуу учурунда өспүрүм: "Менин ичиме Кудай кирип кетти" деп кыйкырган. Мектептин директору аны кармап калууга жетишкен, ал кабинетинен чыгып, ок аткан адамды бөлмөсүнө келүүгө көндүргөн.

Буга чейин 20-сентябрда Орусиянын Пермь шаарындагы изилдөө университетинде 18 жаштагы Тимур Бекмансуров аттуу жаран студенттерге жана мугалимдерге ок чыгарган. Анын кол салуусунан 6 адам каза болуп, 28 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Fernando_Torres
2021-10-18 11:06:38
Бут барас кафур сенин. ичине шайтан кирип кеткен же жин кирген мусульманды айтасынар дагы накта терористь силерсинер бизде терористь деген түшүнүк жок ошол силерден чыккан
+7
Datka7777
2021-10-18 11:54:24
Fernando_Torres, биринчиден мурда ок чыгарган дагы, азыркы ок аткан окуучу дагы мусулман татардын балдары. Экинчиден туура жазганды уйрончу «терористь», эмес террорист болот.
+7
Hooligan
2021-10-18 12:12:48
Datka7777,сага эмне болду анчалык. Кафырлар деп айтса жаман эле болдун го! Алар мусулмандар деп. Или ошолордонсунбу?
0
Ruza
2021-10-18 17:40:04
Hooligan, Datka7777,Каапыр деген созго терикпей эле мусулман балдар ок чыгаргандан улам куйгонунон айтып жатса керек
+1
Isken90
2021-10-18 12:37:51
Арстан Алайдын окучусууго
+2
XATSAN125
2021-10-18 17:51:15
Салт болуп калыптыр да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан