Ошто 13 жаштагы кыз өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13 жаштагы О.А. аттуу кыз Оштогу үйлөрдүн биринин балконунан секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Куткаруучулар кыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз өмүрүн кыйбоого көндүрүшүп, аман-эсен куткарып ата-энесине өткөрүп беришкен.
Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.