Бүгүн, 18-октябрга караган түнү Бишкектеги Горький көчөсүндө Mazda Demio унаасы 1 адамды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
"Мен болжол менен саат 22:00 чамасында Горький көчөсү менен күн батыш тарапты көздөй унаам менен өтүп бара жатып бир нерсени көргөндөй акырын жайлагам. Көрсө ал жерде жер казуу иштери жүрүп жатыптыр. Мен жакындаганда гана унаамдын фарасын жарыгын күчөткөнүмдө (дальний) гана бир адам таяк менен бул жакка айда дегендей ишарат кылды. Мен жарыкты күчөткөнчө адамды байкаган эмесмин. Анын таягы күйүп, кийими жарыкка чагылышы керек эле. Катуу келе жаткан унаа даана эле байкабай калмак. Мен андан ары жолумду уланткам.
Болжол менен саат 03:00 чамасында ошол эле жерден кайра өттүм. Тилекке каршы, МАИ кызматкерлери келиптир. Мен каршы тилкеге чыгып, акырын өтүп бара жатып, мага таягы менен жол көрсөткөн байкенин жерде жатканын көрүп, дене боюмду калтырак басты. Анын бетин жаап коюшуптур. Ал жерде коопсуздук эрежелери сакталган эмес", - деди окуянын күбөсү.
Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарады. Ал эми окуянын күбөсү нес абалында сүрөт, видеого тарта албаганын айтты.
Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:
"18-октябрда болжол менен саат 01:55 чамасында 2001-жылы туулган И.Б. аттуу айдоочу мас абалында Мазда-Демио унаасы менен Горький көчөсү аркылуу батыш тарапты көздөй бара жатып, Айдаралиев көчөсүнүн кесилишинен жолдогу оңдоп-түзөө иштерин көрсөтүп турган жол белгилерин карабай ошол жерде иштеп жаткан “Аргын-Курулуш” ишканасынын 1994-жылы туулган Т.Ы. аттуу кызматкерин сүзүп алган.
Жол кырсыгынын натыйжасында 1994-жылы туулган Т.Ы. ошол жерден көз жумган.
Азыркы учурда автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Бишкек ШИИББинин жол кырсыктары боюнча Тергөө кызматына жеткирилип, тийиштүү соттук-медициналык, автотехникалык, экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди кайгуул кызматы.
Эскертүү: видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.