Орусиянын Пермь аймагынын мектебинде ок атууну уюштурган окуучу жоопко тартылбайт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
"Мектепте ок аткан окуучу Кылмыш-жаза кодексинин жоболоруна ылайык жоопко тартылбайт. Жалпы кылмыш жоопкерчилиги 16 жаштан башталат. Өзгөчө оор кылмыштар үчүн 14 жаштан башталат", - деп жазышкан басылмалар.
Мыйзамга ылайык, жашы 11ден өткөн жашы жете электер соттун буйругунун негизинде, эгер алар жашына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылбаса, жабык типтеги атайын билим берүү мекемелерине жайгаштырылышы мүмкүн.