Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында "Торугарт – Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Акылбек Жапаров "Фантузи" контейнердик кранынын иши менен таанышып чыгып, мындан ары карай жүктөө «Арка» районунда эмес, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырыла турганын жана жүк ташуучу унаалардын саны көбөйтүлөрүн белгиледи.
Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле дезинфекциялык барьердин абалы менен таанышып, аталган пункттун инфраструктурасын жакшыртууну тапшырды.
Мындан тышкары Акылбек Жапаров Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышты.