"Мектептеги бир кыздан чарчаганын айткан". Пермдеги мектепте ок чыгарган окуучунун апасы уулу жөнүндө айтып берди

Бүгүн, 18-октябрда эртең менен Орусиянын Пермь аймагындагы мектепте ок чыгарган 12 жаштагы баланын апасы баласынын жүрүм-турумунда шектүү эч нерсе болбогонун айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал өспүрүмдү токтоо деп мүнөздөп, адатта өзү биринчи баштап мушташка кирбей турганын белгилеген. Анын үстүнө сабактан кийин деле сейилдебей, дароо үйүнө кайтарын кошумчалаган.

Анын айтымында, уулу бүгүн эрте туруп, даярданып, мектепке кеткен. Ошол эле учурда ал өзүн нормалдуу алып жүргөн, мылтык рюкзактан көрүнгөн эмес. Аял өспүрүм куралды кечээ, 17-октябрда көчөгө катып, мектепке баратканда алып кеткенин божомолдогон.

"Ал мектептеги бир кыздан чарчаганын, "аны сабай албайсың, ага эч нерсе кыла албайсың, бирок ага баары боло берет" деп айтты", - деген окуучунун апасы жана бул учурда эмне кылуу керек экенин бала апасынан сураган.

Окуучунун апасы Елена ага чыдашың гана керек деп айтканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2021-10-18 16:57:23
Тойгозгон экен да Елена
0
Jibani
2021-10-18 17:15:21
Asmat84, Елена апасы
+1
XATSAN125
2021-10-18 17:46:21
Ошол кызды атпайбы бей куноо адамдарды атпай
0
Ak_Bulut
2021-10-18 23:01:10
12 жашта ушундай кылса, бул кийин киши деле болуп жарытпайт, жоготуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан