Биз социалдык тармакта

Абалдары канааттандырарлык. Ошто өрт кырсыгынан үч адам жабыркады

Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан менчик цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
ӨКМнын маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:38де чектөөгө алынып, 10:02де толук өчүрүлдү. Натыйжада 16 чарчы метр кара смола күйдү.
Өрттүн кесепетинен 3 эркек киши (1973-жылы туулган Ж.Н., 1991-жылы туулган Р. Н., 1976-жылы туулган С.А.) денелеринен күйүк алып облустук ооруканага "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилди. Абалдары канааттандырарлык.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан