Украиналык модель 30 жыл бою кыркпаган чачын көрсөттү (фото)

Украиналык 38 жаштагы модель Алла Перкова чачын 30 жылдан бери кырктыра элек. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал учурда чачын күнүнө эки маал кадимки эле шампунь менен жууп турат. Ал 30 жылдан бери чачын химиялык заттар менен боёбогонун, күндө тарап турарын айткан. Анын чачынын тарашына күйөөсү жардам берет.

Өз кезегинде Алла Перкова өзүнүн узун чачы менен табият койнунда сүрөткө түшкөндү жактырарын айткан. Учурда анын чачынын узундугу 167 сантиметр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sajakat14
2021-10-19 03:45:10
Укмуш.
+5
Mister-XXX
2021-10-19 04:26:42
Мен бир кыргыз кызды көргөнмүн.Анын чачы жерге тийип турат болчу.
+6
KG-312
2021-10-19 07:01:13
Чачы 167 см болсо, өзүнүн бою менен тең экенда.
+2
VENOM
2021-10-19 11:30:37
Рапунцель экен го
+1
CAPATAH
2021-10-19 22:10:21
Оролуп жатсам арман жок,олондой узун чачына дегендей эле бар экен го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан