"Бээжин-2022" кышкы Олимпиада оюндарынын оту жанды

Дүйшөмбү күнү "Бээжин-2022" кышкы Олимпиада оюндарынын оту жанды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, иш-чара Греция Республикасынын президенти Катерина Сакелларопулу, эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах, Грециянын улуттук Олимпиада комитетинин башчысы Спирос Капралос жана башка расмий адамдардын катышуусунда өткөн.

Көрүүчүлөргө пандемиялык чектөөлөргө байланыштуу салтанатка катышууга уруксат берилген эмес.

Эске салсак, Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылдын 4-февралында башталат. Оюндардын жабылыш аземи 2022-жылдын 21-февралында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан