Бишкек шаарында атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда “БТС” бажы терминалынын аймагында “Иран Ислам Республикасы - Түркмөнстан-Өзбекстан Республикасы-Казакстан - Кыргыз Республикасы” каттамы боюнча жүргөн DAF маркасындагы жүк ташуучу унаасына тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү жүргүзүү учурунда унаанын жүк ташуучу чиркегичинде салынган айрым алма таңгактары пенопласттан жасалган 147 даана алма табылган, алардын ичинде кристаллга окшогон ак түстөгү, бөтөнчө жыттаган затты камтыган полиэтилен баштыгы болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган жүк ташуучу унаанын айдоочусу Өзбекстан Республикасынын К.Б. аттуу жараны кармалган.
Бул факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Алдын ала тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган чиркегич Иран Ислам Республикасынан чыгып, Түркмөнстандын транзиттик аймагынан дагы бир чиркегич кошулуп, Өзбекстан Республикасына чейин жеткирилип, андан ары аталган айдоочу чиркегич рефрижераторду кошуп Кыргыз Республикасынын аймагына бет алгандыгы белгилүү болгон.
Бул заттын “жашыруун базарында” 1 граммдын баасы 4500 сомду түзүп, бул өлчөмдөн 15 доза даярдоого болот. Алынган заттын жалпы салмагы 10100 граммды түзүп, дозасы – 150000. Ал эми баңги каражаттын “жашыруун базардагы” баасы 450 000 000 сомдү түзөт, ал Улуттук банкында доллардын курсу менен 531 миң 286 долларды түзөт.