Ооганстандын экс-президенти "Талибан" кыймылы эл аралык таанууга ээ болушу үчүн эмне кылуу керектигин айтты

"Талибан" кыймылы эл аралык таанууга ээ болушу үчүн эмне кылыш керек экендигин Ооганстандын экс-президенти Хамид Карзай чет элдик басылмага берген маегинде билдирди.

"Талибдер ооган элинен колдоо алуу үчүн жалпы ооган калкы менен бирге Конституцияны бекитиши керек. Алгач Ооганстандын ичинде легитимдүүлүккө ээ болушу керек", - деди Хамид Карзай.

Мындан тышкары Ооганстандын мурдагы лидери Пакистанды Ооганстандын ички ишине кийлигишүүнү токтотууга чакырды. Карзай Ооганстанга коңшу мамлекеттер террордук уюм менен күрөшүүдө өлкөгө жардам берет деген үмүтүн билдирген.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alimbek94
2021-10-18 22:56:31
ашынган исламчылдар биринчи кезекте адам укуктарын сыйлаганды үйрөнүш керек.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан