Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык журналистке маек берип жатып, ага комплимент айткан видеосу тараган болчу. Журналист Хэдли Гэмблдин суроосуна жооп берген соң, ал кайрадан суроо узаткан. Анда Путин: "Келишимдүү жана сулуу айым, бирок ал мени укпай эле отургансыйт" деген. Буга Хэдли Гэмбл жооп кылып, Орусиянын өлкө башчысынын жоопторун угуп жатканын айткан.
"Москва. Кремль. Путин" берүүсүндө журналист Павел Зарубин америкалык журналист айым Путиндин жоопторун аягына чейин уккан жок деп сыпаттаган.
"Путин менен маектешкен журналист анын жоопторунун котормосун аягына чейин укпай жатты. Биз ага жоопторго караганда өзүнүн суроолорун берүү алда канча маанилүү болуп жатканын байкадык", - деген ал. Ошондой эле Зарубин Путин да котормочуну аягына чейин укпаганын, анткени ал англис тилин түшүнгөндүгүн кошумчалаган.
Орусиялык маалымат каражаттары жазгандай, Хэдли Гэмбл 39 жашта. Ал CNBC телеканалынын Абу-Дабидеги өкүлчүлүгүндө иштейт. Путинден тышкары бир катар мамлекет лидерлеринен маек алган.
Журналист айым Инстаграмдагы баракчасына бул интервью боюнча да бир катар видео, сүрөттөрдү жүктөп пост жазган. Жакында эле ал Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн тортту сүрөткө тартып жүктөп "Менин мыкты досторум бар" деп жазган. Ал эми тортто "Too beautiful!" (абдан келишимдүү) деп жазылган.