SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Талас облусунун Арал айылынын тургуну кайрылды. Анда ал жеңеси коронавирус менен ооруп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын айтып, тилекке каршы, электр жарыгы өчкөндө жеңеси каза болуп калганын билдирди.
Анын айтымында, жеңеси үй шартында дарыланып жаткан.
"Электр жарыгы өчкөндүн айынан жеңебизден айрылып отурабыз. Жеңем көптөн бери коронавирус менен ооруп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган болчу (ред.; үй шартында).
Бүгүн түшкө маал электр жарыгы өчүп, аппарат (концентратор) иштебей калгандыктан жеңемден айрылдык (ыйлап). Жан дүйнөм ооруп жатат. Байкуш жеңемдин абалы жакшы болуп келе жаткан болчу. Электр жарыгынын маал-маалы менен өчүп жатканы кандай гана окуяларга алып келип жатат. Мүмкүн мындай окуялар көп болуп жаткандыр?
Биздин өкүнгөнүбүз электр жарыгын алдын ала эскертүү бербестан өчүргөнү", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.