"Алты жашынан бери ойноп келет". Казакстандык Олжас Нурланов аккордеон боюнча дүйнөлүк Кубокту жеңип алды

Казакстандын Павлодар шаарынын тургуну Олжас Нурланов 74-эл аралык аккордеон боюнча дүйнөлүк Кубокту жеңип алды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, быйылкы аккордеон боюнча Дүйнө чемпиондугу 13-октябрдан 17-октябрга чейин Мюнхенде өттү. Жүздөгөн музыканттар катышкан бул сынакта 22 жаштагы Олжас Нурланов 32 жашка чейинки катышуучулар арасында "Senior Coupe Mondiale" категориясында жеңишке жетти.

"Биздин Олжас бир нече күн мурун Нур-Султанда өткөн эл аралык "Шабыт" сынагында баш байгени утуп алган. Азыр эле Мюнхенден дүйнөлүк Кубокто биринчи сыйлык жана Дүйнө чемпиону деген билдирүү келди. Куттуктайм! Сыймыктанам! Урматтуу Олжас, Орусия менен Казакстан дагы куттуктайт жана сыймыктанат", - деп анын мугалими, профессор Фридрих Липс билдирген.

Эске салсак, Олжас Нурланов аккордеондо алты жашынан бери ойноп келет. Анын биринчи мугалими атасы Мейрман Алимкулов. Ал 8 жашынан баштап сынактарга жана концерттерге катыша баштаган. Аккордеончунун репертуарында классикадан баштап элдик жана заманбап стилдеги көптөгөн чыгармалары бар.

2012-жылы Кытайда өткөн баянда кол ойноткондордун IV эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү болгон.

2018-жылы Олжас Нурланов Орусиянын Гнесин музыкалык академиясына тапшырган. Азыр Людмила Зыкина атындагы "Россия" ансамблинин солисти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан