Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсалов республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта жолугушуунун жүрүшүндө республиканын калкын COVID-19га каршы вакцинациялоонун жүрүшү, ошондой эле вакциналарды ташып келүү жана анын запасы боюнча маселе каралганы жазылат.
"Өз кезегинде Эдил Байсалов жарандар арасында вакцина алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жана аны күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кеңешменин учурунда ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалды үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуусу жана ал начарлаган учурда токтоосуз штабга маалымдап, тийиштүү чараларды кабыл алуусу тапшырылды.
Мындан тышкары жолугушууда кызыл зонадагы медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр боюнча маселе талкууланды", - деп жазылат маалыматта.