Индияда 70 жаштагы аял балалуу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 70 жаштагы Живунбен Рабари жана анын 75 жаштагы жолдошу Мальдхари 45 жыл бою чогуу жашап, балалуу болушкан эмес. Мындан улам алар ЭКО (жасалма жол менен уруктандыруу) жолу аркылуу балалууну чечишкен.
"Алгач алар бизе кайрылышканда мындай куракта балалуу болуу мүмкүн эместигин айтканбыз. Бирок алар көздөгөнүнөн баш тартышкан жок. Алардын үй-бүлө мүчөлөрүндө да ушундай жол (ЭКО) менен балалуу болгондор көп экенин айтышты", - деген дарыгер Нареш Бханушали.
Белгилей кетсек, жубайлар Индиянын Гуджарат штатында жашашат. Экөө тең окуганды, жазганды билишпейт жана улгайган аялдын жашын тастыктаган документтер болгон эмес. Бирок анын туугандары аялдын 70 жашта экенин ырасташкан.