"Игра в кальмара" сериалын тартуу иштерине канча каражат кеткени жарыяланды

Түштүк кореялык Netflix кинокомпаниясы тарабынан тартылган "Игра в кальмара" сериалынын жаратуучулары аталган тасмадан 900 миллион долларга чукул киреше табууну көздөшкөн. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.

Аталган сериал кыска убакыттын ичинде бүткүл дүйнөдө атактуулукка жетти.

"Bloomberg" агенттиги жарыялаган маалыматта Netflix сериалдан болжол менен 891 миллион 100 миң доллар киреше табууну көздөгөнү айтылат.

Netflix сериалды тартууга 21 миллион 400 миң доллар сарптаган. Ошондой эле жалпысынан адамдар шоуну көрүү үчүн 1 миллиард 4 миллион сааттан ашык убакыт коротконун айтышат. 132 миллионго жакын адам сериалдын алгачкы 23 күнүндө тасманын кеминде эки мүнөтүн көргөн.

Маалымат үчүн: "Игра в кальмара" 9 бөлүмдөн турган сериал, анда карызга баткан карапайым адамдардын чоң суммадагы акча коюлуп байлар тарабынан уюштурулган оюнга катышканы, ал оюн жеңилген адамдардын өлүмү менен коштолуп отуруп, акырында 1 гана адамдын аман калганы баяндалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан