"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунга түшүп калды. Мындай маалымат дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунан кийин рейтинг кайрадан жаңыланган. Биринчи орунда Акжол Махмудов финалда жеңилген венгриялык Тамаш Лёринц турса, экинчиде орусиялык Роман Власов, үчүнчүдө азербайжандык Санан Сулейманов жайгашты.
Акжол Махмудов буга чейин рейтингде экинчи орунда болчу. Кыргыз балбанынын карамагында 44 упай бар.