"Талибан" кыймылы катарын өздөрү жаман деп билген адамдардан тазалай баштады

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин биргелешкен комиссиясы талибдердин катарын коррупционерлерден тазалоо боюнча ишин баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы катарын тааныштарынын кийлигишүүсү менен кызматка келген адамдардан, мурда сот жообуна тартылгандардан, коррупционерлерден, жергиликтүү калк тарабынан жек көрүндү болгон адамдардан тазалай баштаган.

"Чалгындоо башкы башкармалыгы, Коргоо министрлиги жана Ички иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн биргелешкен комиссия Ислам Эмиратынын министрлеринин буйругу менен ("Талибандын" саясий системасынын аты) алардын катарларын жана топторун жаман адамдардан тазалоо үчүн өлкө боюнча расмий түрдө ишин баштады", - деп жазган социалдык тармактагы баракчасына кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахид.

Буга чейин талибдер Путиндин КМШ өлкөлөрүнө берген эскертүүсүнө жооп кайтарышкан.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Apyn8793
2021-10-19 12:05:57
Ха, эми бири бирин кырып башташат 38 жылеы репрессияга окшоп
0
Anara78
2021-10-20 08:40:10
Apyn8793,Кырылып ,тугонушсунчу биротоло
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан