Америкалык белгилүү рэпер Канье Уэст буга чейин ысымын расмий түрдө өзгөртүү ниетин билдирип сотко кайрылган. Лос-Анжелестин Жогорку Соту ырчынын арызын канааттандырганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, Канье Омари Уэст август айында жеке себептерден улам атын Йе деп өзгөртүү үчүн тиешелүү мекемеге барган. Анын өтүнүчүн кароо дээрлик эки айга созулуп, ырчы расмий түрдө Йе деген лакап атка ээ болду.
Рэпердин айтымында, Йе бул Канье деген ысымдын бир бөлүгү жана анын диний мааниси да бар.
Канье Уэст 2018-жылы "Йе" аттуу альбомун чыгарган. Көп өтпөй ал атын өзгөртөрүн жарыялаган. Бирок рэпер бул ысымды социалдык тармактарда гана колдонуп келген.