Талас облусунун Манас районунда түндө мектеп окуучусун сүзүп, окуя болгон жерде качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 15-октябрда таңкы саат 04:50 чамасында телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Анда Манас районунун Чоң-Капка айылындагы жолдо эркек кишинин жансыз денеси жатканын айткан.
Тергөө-ыкчам тобу окуя орун алган жерге барганда каза болгон жаран башынан катуу жаракат алганы белгилүү болгон. Окуя болгон жерде белгисиз унаанын дөңгөлөгүнүн изи калган. Тактоо иштеринде каза болгон жаран 2007-жылы туулган Р.И. аттуу окуучу болгон.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында унаанын айдоочусу кармалган. Ал Манас районунун Май айылынын 1991-жылы туулган К.А. аттуу тургуну. Окуя боюнча айдоочу 15-октябрь түнү саат 03:50 чамасында Манас районунун Чоң-Капка айылынын Гребень-Плотина жолунан түштүктөн түндүктү көздөй өзүнө тиешелүү болгон Toyota Windom ак түстөгү унаасын башкарып бара жатып өспүрүмдү сүзүп алган. Андан соң окуя болгон жерден изин жашырган. Ал эми окуучу окуя болгон жерден көз жумган.
16-октябрь түнү шектүү айдоочу Кара-Буура РИИБинин убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилген. Ал эми 18-октябрь күнү Манас райондук соту тарабынан шектүүгө бөгөт коюу чарасы катары 2 айлык мөөнөткө үй камагы тандалган. Аталган факты боюнча бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.