Ош шаарында цехтин аймагында өрт чыгып, 3 Өзбек жараны күйүк алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан белгилешкендей, өрт 18-октябрда катталды.
"Касымбеков көчөсүндө жайгашкан жеке менчик битум цехтин аймагында 16 чарчы метр кара чайыр күйгөн. Өрттүн кесепетинен 3 адам жаракат алышты. Алар 1973-жылы туулган Ж.М. 12 пайыз күйүк, 1991-жылы туулган Р.Н. 8-10 пайыз күйүк, 1976-жылы туулган С.А. 7 пайыз алышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Өрттүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.