27-сентябрда балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшеналиев брифинг учурунда билдирди.
"Өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу жашы жете элек Ж.Д. "бейбаштык" жана "байкабастыктан өлүмгө алып келүү" беренелери боюнча айыпталууда. Тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлдү", - деди Азамат Дүйшеналиев.
Эскерте кетсек, 1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.
Балдар үйүнүн директору Аскар Масылов тергөө учурунда кызматынан алынган. Балдар үйүнүн башка кызматкерлери - улук тарбиячы, нөөмөттөгү мугалимге да "шалаакылык" беренеси боюнча айып тагылган.