Москвада мигранттардын катышуусунда дагы бир массалык мушташ орун алды

Орусиянын борбору Москва шаарында эмгек мигранттарынын катышуусунда дагы бир массалык мушташ орун алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя Москванын түндүгүндөгү Коптево районунда болгон. Анда спирт ичимдигин ичип алган жарандар мушташкан. Массалык мушташка катышкандардын арасында мигранттар да, орусиялыктар дагы бар. Алардын ичинен бир адам бычактан алган жаракатынан ооруканага жаткырылган.

Массалык мушташка катышкан жалпы 23 адам кармалган. Учурда полиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Мушташка катышкан мигранттар депортация болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurdin060683
2021-10-19 12:45:10
Ботон жерде тынч эле жергулочу
+3
Nurdin060683
2021-10-19 12:45:28
жургулочу
+3
Gold81
2021-10-19 13:25:00
Депортация болушу мумкун эмес депортация болот! Эмнеле бироонун жерине келип алышып бок талашып атышабы билбейм?
+11
zhaynak
2021-10-19 17:45:43
Ушу орустар мигрант аттууну тегиз кууйт го жакында. Кором анан келип ошондой тайрандаганынарды. Кысссыыып эле журушпойбу
+4
Waiyrbek
2021-10-20 02:16:49
Мушташкандар кылмыш ишке баргандар улуттун жүзүнө чычкандар бир топ эле зыяны тийди калган мигранттарга. Эшмат урушту Ташмат депортация болду болуп жатат кээде
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан