Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен шектүүнүн окуясы боюнча ички кызматтык иликтөө аяктап, анын натыйжасында 7 кызматкер жоопко тартылганын бүгүн, 19-октябрдагы брифингде ИИМдин тергөө кызматынын башкы тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев билдирди.
Маалыматка ылайык, 4 кызматкер кызматтан бошотулса, 3 кызматкерге катуу сөгүш берилген.
10-октябрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан 1995-жылы туулган Акматов Тилек Турсуналиевич аттуу шектүү качып кеткендиги кабарланган. Көп өтпөй ал Чүй облусунун аймагынан, тагыраагы айланма жолдон кармалган.