Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук кеңешинин кызматкерлери Түндүк Корея кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөнүн билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Түштүк Корея дүйнөнүн алдыңкы державалары Корей жарым аралында кырдаалды турукташтыруу жана тынчтык орнотуу үчүн консультацияларды өткөрүп жатышкан учурда Корея ракеталарды учурууну улантып жатканына "капа" экенин билдиришкен. Ошондой эле Пхеньянды жарым аралда тынчтык орнотуу үчүн тезирээк диалогго кайтууга чакырды.
Шейшемби күнү Түштүк Кореянын армиясы Корея Япон деңизине карай белгисиз снаряд атканын жарыялаган. Кийинчерээк баллистикалык ракета сыналгандыгы такталган.