Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жабырлануучунун тосмо арызы жасалмаланган фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө кабыл алынып жаткан чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерүүгө алынган. Анын алкагында жабырлануучунун атынан жазылган жасалма арыздын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши мыйзамсыз кыскартылганы аныкталган.
Ушул жылдын 19-январында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине Бишкек шаарынын тургуну 12 миң 500 сомдук сыналгысын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Тергөөдө райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кандайдыр бир ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзбөстөн жабырлануучунун арызын жасалмалап, сотко чейинки өндүрүш ишин кыскартуу жөнүндө мыйзамсыз чечим чыгарган. Аталган факты Башкы прокуратура тарабынан каттоого "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда текшерүү иштери улантылууда.