Бишкекте автокырсыкка себеп болгон унаадан баңгизаттары табылды

      Бишкек шаарында авто кырсыкка себеп болгон автоунаадан баңгизаттары табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 19 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну, кырсыкка тиешеси бар Субару-Легаси автоунаасынын айдоочусу Байтик Баатыр көчөсүндө кырсык болгондон соң качып кетүүгө аракет кылган. Унаада андан тышкары 20 жаштагы Бишкектин тургуну  да болгон. Кармалган унаада жалпысынан 42 граммдан ашык түрдүү баңгизаттары табылган. Учурда айдоочу жана окуя учурунда унаада болгон жаран кармалып, аларга кылмыш иши козголуп, сурак, иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан