Менеджери iPhone 13 белек кылган ырчы Нурмат Садыровдун туулган күнү

Эстрада ырчысы Нурмат Садыров кечээ, 19-октябрда 33 жашка толду. Туулган күнүндө кайрымдуулук иштерин кылып келген ырчы бул ирет дагы жакшылык кылууну кайталады.

"Быйыл туулган күнүмдү атайын кече уюштуруп өткөргүм келген жок. Бирок ошого карабай санаалаштарым куттуктап, тар чөйрөдө отурдук. Менеджерим iPhone 13 смартфонун белек кылды.

Былтыр туулган күнүмдө кайрымдуулук жасап, элге көрсөткөм. Быйыл да кайрымдуулук жасадым, бирок эч жакка жарыя кылган жокмун", - дейт ал.

Ырчы 1988-жылы 19-октябрда Токтогул районундагы Торкен айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын салттык аспаптар бөлүмүнө тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырган. Ырчынын репертуарында "Сүйгөн жүрөк", "Жүрөгүм", "Сага байланам", "Мен сүйгөн менен пайда жок", "Сени көрүп мен өзгөрдүм", "Жазым", "Торгоюм" жана башка ырлары бар.

19-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан